Этникалык кыргыздарга ЖОЖдорго акысыз окууга 75 орун берилди

Автор

2024-2025-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, квота алуу үчүн сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары (этникалык кыргыздар) катыша алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 21-июлу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
«Компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 22-июлдан 25-июлга чейин өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Губернатор эскертүү берди

Жалал-Абад облусунун губернатору Абсатар Сыргабаев жетекчилерди чогултуп, Сузакта Манас айтуу учурундагы окуя боюнча жыйын өткөрдү. Ал ушул сыяктуу окуяларды алдын алуу максатында бир катар тапшырмаларды берди. Эми, жергиликтүү бийликтин уруксаты жок бир дагы иш – чара өтпөйт. Өз алдынча иш – чара өткөргөндөр токтоосуз кызматтан кетишет. “Сузактагы окуя бизге сабак […]

Сизге жагышы мүмкүн