Прокуратурадан тергөө функцияларын алып салган мыйзам долбоору парламенттин 29-июндагы жыйынында дагы талкуу жаратты. Депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратуранын жетекчилигине кайрылып, “тергөөдө өмүр бою иштеген “всемогущийлер” тергөө функцияларын ИИМден алып, силерге берип жатканда прокуратурага өтө качышты эле. Эми ошолор эле УКМКга өтүп жатышат. Жаш, билимдүү, булганбаган жана окууну жаңы бүткөндөрдү албайсыңарбы”,- деди депутат.