Эски нукта иштеген сотторго орун жок

Автор

Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда бир катар райондордун соттору менен жолугушту.
Ал мындан ары сот тармагы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына гана иштээрин, соттор тез арада көз караштарын оңдоп, эски нукта иштеген аракеттерин токтотушу керектигин суранды. Байыйм дегендерге же, өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн иштегендерге соттун эшиги жабык экенин билдирип, айрыкча , колу туткак соттор бала чакасын ызы-чуу кылып, үй-бүлөсүн кыйнабай эмитен эле кетип калышы керектигин белгиледи. Төрага соттор арасында жат көрүнүштөр болбосун деп эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев Трамп менен сүйлөштү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Акордонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Токаев Трампты АКШ президенти болуп шайланышы менен куттуктады. «Саясатчылар соода, инвестиция жана өзөктүк куралды жайылтпоонун алкагында стратегиялык өнөктөштүктү интенсивдүү өнүктүрүүгө өз ара берилгендигин тастыкташты»,-деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Токаев Казакстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн