Эски аянттагы Лениндин эстелигинин ордуна Усубалиевдин айкелин орнотуу сунушталды

Автор

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин отумурунда вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги эски аянттагы Владимир Ильич Лениндин эстелигин алып, анын ордуна эстелигин коюу сунушун айтты.
Ал “Борбордогу эски аянтка 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты берилген. Ошол жердеги Лениндин эстелигинин ордуна Турдакун Усубалиевдин айкелин койсок. Бул тууралуу Кочкор районунун тургундары да кайрылып жатышат. Усубалиевдин Кыргызстанга кошкон салымын баарыңыздар жакшы билесиздер. Мамлекеттин калыптанышына жана өнүгүнүгө зор салым кошкон”, – деди
Сыдыгалиев ошондой эле өз сөзүндө Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү керек экенин дагы бир жолу кайталады.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиштин 80 жылдыгына карата жаңы телеканал ачылат

Россияда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата жаңы телеканал ачылат «Санариптик Телевидение» медиахолдинги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата жаңы «Патриот» телеканалын ачарын жарыялады. Маалыматка ылайык, телеканалдын эфирдик программасында Россия элинин үй-бүлөлүк баалуулуктарын, жеңиштерин жана маданиятын чагылдырган көркөм фильмдер жана сериалдар көрсөтүлөт. Телеканалдын казынасында советтик жана […]

You May Like