Эсирген ат кошчуларды жазалоо демилгеси унутта калды

Автор

Өткөн бейшембиде Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев эски бийликтин эсирген ат кошчуларын катуу жазалоо керек деп күпүлдөгөн эле.
Икрам Илмиянов менен Алманбет Салиевдин чектен чыккан кылыктары айтылып, мыйзам алдында жоопко тартуу маселеси кайрадан козголгон. Бирок, парламент бул сапар да, “айта берет – сөзүнөн кайта берет” болду.
Ошону менен катар Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестигин алуу боюнча да, депутаттык комиссия түзүлмөк. Бирок, депутаттын сунушу коомдук талкууга чыккан жок. Былтыр төрага Нурлан Шакиев экинчи Элдик Курултайда Бишкек шаарынын орусча аталышындагы 4 районун кыргызчалаштыруу боюнча демилге көтөрүп, ал да ошол жерде унутта калган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Ватикандын элчисин чакыртты

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Ватикандын Киевдеги элчиси Висвальдас Кульбокасты чакыртты. Алар Рим папасы Францисктин ак желекти көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү баштоону кайраттуу чечим деп атаган сөздөрүнө нааразылыгын билдиришти. Рим папасы Франциск швейцариялык RSI телерадиокомпаниясына берген маегинде Украинадагы кырдаал боюнча айтып “Эң күчтүүсү – кырдаалды көрүп, өз элин ойлогон, ак желекти көтөрүп, сүйлөшүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн