“Кыргыз Темир жолунда 6 млрд сомго чейин мыйзам бузуулар аныкталган. Ал эми Манас аба майданы 4,5 млрд сом. Булар өздөрүнүн карамагындагы жерлерди бүгүнкү күндөгү баасына чыгарып, баланска койгон эмес. Мындайча айтканда, ар бир келген инвестор алгач, активин сурайт да. Биз активин 4.5 млрд сомго көтөрүп, балансына коюп бергенбиз”,- деп билдирди Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов. Бирок, ал соттун чечими чыкканга чейин күнөөлүү деп табуу эрте экенин бирок, Салык жана Бажы кызматтарында да мүчүлүштүктөр болгонун билдирди.