Эртең 25 градуска чейин суук болот

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкө аймактарында 13-декабрда туруксуз аба-ырайы сакталат. 13-14-декабрда абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-110 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эртең, 13-декабрга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17,
Талас облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -22…-24, күндүз -14…-16° суук болушу күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

АЛЫКУЛ жана АЙТМАТОВ

Аалам кандай өз тартибинен жазбайт, жарыктык. Бүгүн, 12-декабрь Алыкул Осмонов дүйнө салып, Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген күн. Айтылып бүтпөгөн Айтматов. Алыбыз жетпей окуган Алыкул Алп дүйнө. Булар кыргыз үчүн өлбөс эмгектерди жаратып кайтышты. Эми, алардын кайталангыс экинчи өмүрлөрүн кантип өрнөк кылабыз – ал биздин милдет. Ага даремет жетээр бекен деп […]

Сизге жагышы мүмкүн