Эртең №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда ЖК шайлоо өтөт. Кимдер ат салышат?

Автор

Эртең, 22-сентябрда №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.
Аталган округдан шайланган эл депутаты Тазабек Икрамов мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин мандат бош калган.
Жалпысынан 15 талапкер (12 эркек, 3 аял) көрсөтүлүп, айрымдары кийин арыздарын кайтарып алышкан. Жыйынтыгында шайлоого 7 талапкер ат салышат.
1. Алтынбек Кылычбаев
2. Бейшенбек Бегматов
3. Жыргалбек Сейдахматов
4. Мелисбек Кошалиев
5. Медербек Сапарбаев
6. Юлия Лилиенталь
7. Асилбек Арапбаев
Белгилей кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча тизмедеги шайлоочулардын саны 124 429, анын ичинен 62 373 эркектер жана 62 056 аялдар же 50,13% жана 49,87%. Шайлоочулардын толук тизмелери 81 шайлоо участокторунда илинген жана билдирүүлөр таркатылган.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн