Эртең  өлкө боюнча  ишембилик өтөт

Автор

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги министрлер кабинетинин жетекчилиги астында 16-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө арналган масштабдуу экологиялык акция өткөрөт.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

Иш-чаранын башкы максаты — таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022-жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Профсоюз уюму эки депутатты сотко берди

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаы Шайлообек Атазов тастыктады. Белгилүү болгондой, Кыргызстан кесиптик кошуундар Жогорку Кеңештин 2 депутаты, Шайлообек Атазов менен Чолпон Султанбекованы сотко беришкен. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө негизсиз каралоого жол берилгени айтылган. Аталган тармакты депутаттык комиссия эки жылдан бери иликтеп, 32 жылдан бери сатылып келаткан жүздөн ашык объекттерди жана жерлерди […]

Сизге жагышы мүмкүн