Эртең менен кандай тамактануу керек? Бул тууралуу адистер эртең мененки тамактануу үчүн пайдалуу жана пайдасыз азыктар тизмесин түзгөн.
Эмесе, эртең мененки тамак үчүн пайдалуу азыктар төмөндө:
Каша. Эртең менен сулудан же геркулестен ботко ичүү пайдалуу жана аш болумдуу. Сулудан жасалган ботко витамин жана минералдык азыктарга бай.
- Быштак. Мөмө жана жашылча жемиштерди быштакка аралаштырып азыктануу керек. Быштак кальцийге бай, ошондуктан тишти, сөөктү, тырмакты бекемдеп, терини жакшыртып, жаш көрүнүүгө көмөк болот.
- Бутерброд, бирок, колбаса кошулган эмес. Катуу сыр, быштак, помидор, бадыраң жана ашкөкөктөрдү кошуп бутерброд жасап жесеңиз узак убакыт боюу сергек жана активдүү жүрөсүз.
- Ачытылган булочка. Абдан даамдуу, бирок зыян. Ачытылган азык ичти көптүрөт. Албетте бул ыңгайсыз.
- Кофе. Эртең менен кофе ичүү ашказан былжырын жабыркатат. Ашказандан көп суюктук бөлүнүп чыгып, курсакты ачырат. Күндө эртең менен кофе ичсең гастрит пайда болушу мүмкүн.
- Мөмө жемиштер: апельсин, алмурут, курма жана банан. Апельсинде ашказанды кыжырданткан кислота, бананда шекер, алмурутта клетчатка көп.
- Йогурт. Ачкарын йогурт менен азыктануу пайда алып келбейт. Кечки тамактан кийин жесе тамак сиңимдүү болот.
- Анан албетте, ачкарын тамеки чегүү же алкоголдук ичимдик ичүү организимге абдан зыян.