Эртең  “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы башталат

Автор

Эртең Нарында “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фетивалы өткөрүлөт. Маданий иш-чаранын негизги бөлүгү  Нарын шаарынын кире беришиндеги “As A Nomad” этнокомплексинде болот. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлгүлүнөн маалымдашты.

Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш-чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулду. 28-июнь күнү эртең мененки саат 9:00дон кечки саат 22:00гө чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы “As A Nomad” этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт. Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн “Салкын-Төр” эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

“Бир айыл – бир продукт”: Бренддик продукт пайда болот

Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн