Эртең Кыргыз милициясына 100 жылдыгы Ала-Тоо аянтында белгиленет

Автор

Эртең, 1-ноябрда Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине байланыштуу күндүзү парад, кечинде майрамдык концерт болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлүп, бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.
Кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин “Ыр Кесе” музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болушат. Концерт саат 18:00 дө башталат.
“Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын меймандары, 1-ноябрда борбор калаанын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет, түшүнүү менен мамиле жасап, жол жүрүүнүн ыңгайлуу жолдорун алдын ала тандап алууну суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореяга жооп кылат

АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета учуруусуна жооп катары машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын биргелешкен комитети билдирди. «Корея Республикасынын коргоо министри Ким Ён Хён менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остин союздун чечкиндүүлүгүн көрсөтүү үчүн ар кандай чараларды, анын ичинде АКШнын стратегиялык каражаттары менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү […]

Сизге жагышы мүмкүн