Эртең Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт

Автор

Эртең, 10-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримди билдирди.
Маалыматка ылайык, ююн 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында болот.
Мелдеш кечки саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат.
Эскерте кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.
Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент борборду түштүккө көчүрүүнү сунуштады

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан борборду Тегерандан Перси булуңунун жээгине которуу зарылдыгын билдирди. Ал бул чечимди экономикалык себептерден улам кабыл алган. Президенттин айтымында, борборго чийки затты жеткирүү, ошондой эле даяр продукцияны кайра экспортко жөнөтүү Ирандын экспорттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла төмөндөтөт. Жаңы борбор тандалгандан кийин бардык мамлекеттик мекемелер ошол жакка көчүрүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн