Эртең “Кыргызстан – Оман” беттешин кувейттик адис жетектейт

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эртең, 25-январда Азия Кубогунун «F» тайпасында Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Оюнду кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектей тургандыгын белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери – Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган.
VAR-системасында Абдулла Жамали (Кувейт) жана Эванс Шоун (Австралия) иштешет.
Оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.
Эске салсак, Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусияда 1 жылда 585 мигрант каза болду

Орусияда 1 жыл ичинде каза болгон мигранттар 585 адам. Алар көбүнчө жумуш учурунда каза болушат. Мындай маалыматты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. “Биз изилдеп көрдүк. Негизинен, кыш айларындагы кара жумуштан кырсыктап, каза болушат экен. Ооруп, көз жумгандар азыраак. Аларды мекенге алып келүү боюнча каражаттары ошол өлкөлөрдүн […]

Сизге жагышы мүмкүн