Эртең Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футболчулары беттешет

Автор

2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында эртең,15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда кореялык футболчулар эки күн мурда Кыргызстанга келишип, машыгып жатышат.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз курама командасы Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Квадробик балдардын ата-энелери айыпка жыгылат

Өзбекстандын ИИМи балдардын квадробикага кызыгуусу ата-энелердин өз милдеттерин аткарбаганы катары караларын билдирди. Анда бул берене боюнча айып пул 1,8 миллион сумга ($150) жетерин эскертишкен. «ИИМ урматтуу ата-энелерди өздөрүнүн моралдык милдетин жана балдарын ар тараптуу тарбиялоо боюнча юридикалык жоопкерчилигин аткарууга чакырат. Мындай субкультуранын көрүнүштөрү ата-энелердин өз милдеттерин аткарбагандыгы катары бааланат»,-деп айтылат […]

Сизге жагышы мүмкүн