Эртең Кыргызстан менен Катардын футбол курама командалары беттешет

Автор

Эртең, 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш 44 миң көрүүчү бата турган “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Машыгууларга жалпы 30 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар Сауд Арабиянын Жидда шаарында октябрда өтө турган эки беттешке даярданышты.
Эскерте кетсек, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт. Буга чейин Кыргызстан 2 беттеш өткөрдү. Эки оюнда тең жеңилип, бир да упай ала элек

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында 14 документке кол коюлду. Тизме

Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду: — 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө; — Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын […]

Сизге жагышы мүмкүн