Бишкекте Комуз күнүнө карата 9-сентябрда чоң программадагы концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында белгиленет. Башталышы саат 18:00дө, каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.
Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.