Эртең Караколдогу аэропорт ачылат

Автор

Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Каракол шаарына техникалык учуу ишке ашырылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы бул учууну аткарган. Караколдогу аэропорт реконструкцияланганы да айтылды.
Караколдогу бул аэропорт 10-декабрда Президенттин катышуусу менен ачылмакчы.
Жаңы аэропорт туризмге жана көл аймагынын өнүгүшүнө салым кошоору күтүлүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Бүгүн, 9-декабрда саат 05:41де Ош облусунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Өзгөн районунун Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Ак-Терек айылынан түндүк-чыгышка карай 12 чакырым, Жийде айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Салам-Алик айылынан түндүк-батышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашып, жер титирөөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн