Эртең Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Автор

Эртең, 22-октябрдан тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өтүп, үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүүнүн күнү белгиленди.
Жылуулук этап-этабы менен берилет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.
Эске сала кетсек, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев шаарга жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштаарын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ коргоо министри күтүүсүз сапары менен Киевге келди

АКШ коргоо министри Ллойд Остин күтүүсүз сапары менен Киевге келди. Анын сапары мурда жарыяланган эмес. CNNдин маалыматы боюнча, Остин Украина президенти Владимир Зеленский жана коргоо министри Рустем Умеров менен жолугушат. Жолугушууда Украинанын куралга болгон муктаждыктары талкууланары күтүлүүдө. Сапары учурунда Пентагондун башчысы Ллойд Остин Украинага жаңы аскердик жардам көрсөтүлөрүн жарыялоону пландаган […]

Сизге жагышы мүмкүн