Эртең Бишкекте белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат

Автор

Эртең, 26-ноябрда Бишкекте белгилүү хирург жана окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда болот.

Белгилей кетсек, күн мурун 97 жаш курагында Мамбет Мамакеев каза болгон. Ал 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ак халатчан 70 жылга жакын иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. 120 ашык илимий эмгектердин (анын ичинен 8 монографиянын) автору.

Бөлүшүү:
Next Post

Үч судья камакка алынды

“Арабызда мыйзам бузуп, мыйзамды так аткарбаган, элибиздин, журтубуздун талаптарына жооп бербеген кызматкерлерибиз дагы бар. Жалал-Абад облусунда соттун 3 судьясы кармалып, камалды. Ошол үч сот да президенттин, Жогорку соттун судьяларынын тандоосунан өткөн. Президентке таза иштейбиз деп убадасын беришкен. Бирок, алар өз кызыкчылыгына жана коррупциялык элементтерге берилип кетишип, мыйзам бузушту. Мына ошонун […]

Сизге жагышы мүмкүн