Эртең “Ак шумкарлар” Иран курамасы менен беттешет

Автор

Бишкекке Ирандын футбол боюнча курамасы келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алышты.
Иран курамасы Бишкекке 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан – Иран беттешине катышуу үчүн келди.
Белгилей кетсек, оюн 19-ноябрда саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Билеттер стадиондун кассаларында жана kassir.kg сайтында сатылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү шайлоо: Облустук шаарларда жеңишке жеткен партиялардын тизмеси

17-ноябрь күнү, өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп өттү. Ал эми автоматтык саноочу урналардын берген алдын ала маалыматы боюнча, облустардагы негизги шаардык кеңешке келе турган партиялар төмөнкүдөй болду: Бишкек. Адилет партиясы — 15,09% “Жаңы күч – Новая сила” партиясы – 29,38% “Ынтымак” партиясы – 14,07% “Эмгек” партиясы — 22% […]

Сизге жагышы мүмкүн