Эртең “Акшумкарлар” Малайзия курамасы менен беттешет

Автор

Эртең, 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык болот.
Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы прокурорлукка талапкер Максат Асаналиев иштеги пландарына токтолду

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап жатат. Учурда Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кандай өзгөртүүлөрдү жасай турганын да айтты. Ал «Мен прокуратуранын кызматкери катары бардык көйгөйлөр менен таанышмын. Биринчиден, бул жарандардын кайрылуулары. Басымдуу көпчүлүк тергөөнүн сапатына нааразы болуп, сот жана прокуратуранын […]

Сизге жагышы мүмкүн