Эртең, 21-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Азербайжан маданиятын таанытуу” күндөрү өтөт.
Анда коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, элчилер Азербайжан элинин салт-санаасы, тарыхы жана үрп-адатынан кеп козгоп, жалпы маданияты тууралуу айтып беришет.
Ошондой эле дүйнөгө белгилүү болгон түрк журналисти Сейфуллах Түрксой жазган Азербайжандын алгачкы президенти Гейдар Алиевдин өмүрү, саясий жолу жана эмгектери чагылдырылган китептин бет ачаары болот. Мындай иш үлкөн чараны Азербайжандагы “Yeni Çaģ Media Grubu”, Жибек Жолу коомдук фонду жана Манас Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргеликте уюштурушту.