Эртеңден тарта Кыргызстанда чет элдик жарандарды каттоонун жаңы тартиби киргизилет

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан тарта КР министрлер кабинетинин өлкөнүн аймагындагы чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын келүүсүн тескөөчү токтом күчүнө кирет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Өзгөрүүлөр визасыз режимдеги өлкөлөргө гана тиешелүү: Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова. Алар жеке максаттар менен өлкөгө келгендер. Ал эми өлкөгө жумуш, окуу же жеке ишкерлик ишмердүүлүктөр менен келген жарандарга каттоо тартиби өзгөрүүсүз калат.
Буга чейин жогоруда жазылган өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө келүүнүн максатына жараша алты айлык мөөнөткө узарта алышчу. Эми Кыргызстандын аймагына жеке максаттар менен узак мөөнөткө келүү үчүн төмөнкү документтер негиз боло алышат:
Туруктуу жашоого уруксат;
Жарандыктын жоктугу тууралуу күбөлүк;
«Кайрылман» күбөлүгү;
«Мекен-карт» күбөлүгү.
ЕАЭБдеги жарандар (Армения, Беларус, Казакстан, Орусия) Кыргызстанда ар 180 күндүк мөөнөттө 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат.
Тажикстан, Грузия, Азербайжан жана Молдованын жарандары ар 120 күндүк мөөнөттө 60 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат.
Белгиленген мөөнөттөр бүтөр менен каттоого турбагандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү, ошондой эле 60 же 90 күндөн кийин кайра өлкө аймагына кайсы өлкөнүн жарандыгына байланыштуу кире алышат.
Консультация жана кошумча маалымат үчүн төмөнкү байланыш контактыларын колдонуңуз:
Телефон: 0312380098
WhatsApp: 0999380025
Telegram: @drndigital
Колл-борбор: 119 (чалуулар акысыз).

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы депутат Жумабек Салымбеков ант берди

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы депутаты Салымбеков Жумабек Мамытбаевич ант берди.  Ал Бишкек шаарынын №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн