Эртеңден тарта Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот

Автор

Эртеңден тарта Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөлөргө бир тараптуу кыймыл жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө. Бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин маалымдалган 8 көчөдө бир тараптуу жана 2 көчөдө эки тараптуу кыймылды 2024-жылдын 14-январына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку пайыз менен акча берген күрөөканалар аталды

“Биздин ишибиз карапайым калкка шарт түзүү. Эгер кимдир бирөөлөр алардын жеңил турмушуна тоскоолдук кылып жатса, анда аны жоюу биздин милдетибиз”,- деп билдирди УКМК төрагасы. Ал көп жылдан бери эффективдүү күрөш жүрбөй, калкты эзип келаткан тармак катары насыялардын пайыздарынын жогорулугуна басым жасады. Аны бүгүнкү күнү ломбарддар ишке ашырып жатканын айтты. “Ломбарддардын […]

Сизге жагышы мүмкүн