Эрнст Акрамов боюнча түшүндүрмө берилди

Автор

Мындан эки күн мурда көз жумган көрүнүктүү хирург Эрнст Акрамовдун сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюлган жок. Бул боюнча минкаб төрага орун басары Эдил Байсалов комментарий берип, “Эрнст Хашимович Акрамов Кыргыз Республикасынын Эл баатыры. Ал киши президентибиз Садыр Жапаровго да кайрылып, “Ала-Арча көрүстөнүндөгү чоң атасы, атасы, апасы жана бир туугандары көмүлгөн жайды тандаган керез мурасын айткан экен. Муну үй-бүлө мүчөлөрү да тастыкташты”,- деди.
Кечээ, атактуу хирургду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, Эрнст Акрамов түбөлүк жайына коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Украина боюнча өкүлүн атады

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп отставкадагы генерал-лейтенант Кит Келлогду Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча атайын өкүл кылып дайындоону сунуштады. Трамп өз тандоосу тууралуу Truth Social социалдык түйүнүндө билдирди. “Мен генерал Кит Келлогду президенттин жардамчысы жана Украина менен Россия боюнча атайын өкүл кызматына дайындоого абдан кубанычтамын. Кит өзүнүн аскердик жана саясий […]

Сизге жагышы мүмкүн