Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Спортчу Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ээлеп, 5 200 упай топтогон. Азыр анын 50 200 упайы бар жана 70 килограммга чейинки спортчулар арасында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат.
Эске салсак, буга чейин балбан 3-орунда болчу.