Эркин Тентишев эми Күрөш федерациясын жетектейт

Автор

Эркин Тентишев КР Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кезексиз шайлоо конференциясы 14-сентябрда Бишкекте өттү.
Буга чейин Мелис Турганбаев президент болгон. Ал Парижде өткөн Олимпиада оюндарынан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Белгилей кетсек, ал Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айылчарба институтун, Кыргызстандын Эл аралык университетин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Буга чейин Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Мындан тышкары, Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

«Ала-Тоо» аянты качан ачылат?

Бишкектеги реконструкцияланып жаткан «Ала-Тоо» аянтынын расмий ачылышы 21-сентябрда өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы, бийлеген от фонтандарынын ачылышы болот. Эске салсак, борбордук аянт апрелден бери оңдолуп жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн