Эркин күрөш боюнча балбандар Будапеште рейтингдик мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Венгриянын борбору Будапештте өтө турган рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жазылууда.
Маалыматка ылайык, 6-9-июнда өтө турган мелдешке Кыргызтандан эркин күрөш боюнча 6 балбан катышары көрсөтүлгөн. Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшүнөн рейтингдик турнирге катыша турган спортчулардын тизмесинде кыргызстандык балбандардын аттары жок.
Рейтингдик күрөшкө катыша турган балбандар (эркин күрөш):
Алмаз Сманбеков (55 кг)
Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг)
Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг)
Улукбек Жолдошбеков (65 кг)
Алибек Осмонов (70 кг)
Орозобек Токтомамбетов (74 кг)

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Талас облустук милициясынын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы чогулгандарды бул аймактагы маанилүү жакшы саамалык менен куттуктап жатып, мамлекет кайсы гана тармак болбосун, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн эң алгач иштөө шарты талапка ылайык болушу керек деген принципти тутунуп, иш алып […]

Сизге жагышы мүмкүн