Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпионатына катышат.Тизме

Автор

Эркин күрөш боюнча кыргызтандык балбандар Иорданияда өтө турган 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Азия чемпионаты 27-30-июнда Амман шаарында өтөт. Ага өлкө атынан эркин күрөш боюнча 8 балбан катышат.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
Абдымалик Карачев (57 кг);
Юхан Доктурбек уулу (61 кг);
Канатбек Керимбеков (70 кг);
Орозобек Токтомамбетов (74 кг);
Мухаммад Абдуллаев (79 кг);
Бекзат Рахимов (86 кг);
Стамбул Жаныбек уулу (92 кг);
Бекзат Теңдиков (97 кг).

Бөлүшүү:
Next Post

11-июнга карата аба ырайы

11-июнда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, […]

Сизге жагышы мүмкүн