Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду

Автор

ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальонунун кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 15-19-май күндөрү Өзбекстандын Нукус шаарында болуп өттү.
Азия чемпиону болгон милиция кызматкерин 20-майда ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Сагын Орозалиевдин демилгеси менен бөлүмдүн өздүк курамы салтанаттуу түрдө Турдакун Усубалиев атындагы аянттан тосуп алышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Жеңиш менен кайткан милициянын прапорщиги Эржан Акылбек уулуна кесиптештери мындан ары дагы кызматында дагы, спортто дагы ийгиликтерди жарата беришин каалашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда өзөктүк машыгуулар башталды

Россияда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды даярдоо жана колдонуу боюнча аскердик машыгуулар башталды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги жарыя кылды. Биринчи этаптын алкагында Түштүк аскер округунун ракеталык түзүмдөрүнүн өздүк курамы «Искандер» оперативдүү-тактикалык ракеталык комплекси үчүн атайын ок-дарыларды алуу, аткычтар менен жабдуу жана даярдалган позициянын аймагына жашыруун илгерилөө боюнча күжүрмөн даярдыктын тапшырмалары […]

Сизге жагышы мүмкүн