Эми жол эрежелерин бузган жарандарды көрсөңүз, 0777 102 102 номерине сүрөтүн же, видеосун тартып жөнөтсөңүз болот.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жогорудагы WhatsApp номерин ишке киргизди.
Аталган мекемеден билдиришкендей, жогорудагы номер күнү – түнү иштейт жана сүрөт же, видео жөнөткөн жарандарга чара көрүлгөндөн кийин жооп кайтарат. Бул эл менен милициянын тыгыз иштөөсүн шарттап, жол кырсыгынан арылтууга болгон аракет катары түшүндүрүлүүдө.