23-октябрда Анкарада болгон теракттан кийин 213 террорист жок кылынды. Бул тууралуу 28-октябрда Түркиянын президенти Эрдогандын сөзүн TRT Haber телеканалы маалымдады.
«Теракттан кийин Сирия жана Ирактагы террористтик уюмдардын 470 бутага так соккулар жасалды. Жалпысынан теракт үчүн жооптуу кылмышкерлерди кошкондо 213 террорист зыянсыздандырылды»,-деп жазылган билдирүүдө.
Түркиянын лидери бул иштерге Түркиянын Куралдуу күчтөрү жана Улуттук чалгындоо уюму катышканын белгиледи.
Түркиянын президенти мамлекет террористтик уюмдардын өлкөдө күн тартибин башкаруусуна жол бербей турганын билдирди.
23-октябрда Анкарадагы TUSAŞ компаниясына таандык имаратта жардыруу жана ок атуу катталган. Теракта беш адам каза болуп, 22 адам жаракат алган. Эки кол салуучу жок кылынган.