Эрдоган: “Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу”

Автор

Анкарада Түркия менен Украинанын президенттеринин жолугушуусу аяктады. Жолугушуудан кийин президенттер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кара деңиз дан демилгеси боюнча келишимди узартуунун өзгөчө маанисин белгиледи.

«Жыл ичинде дан коридору менен 33 миллион тонна продукция ташылды. Бул келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Азыр келишимдин мөөнөтүн узартууга жетишүү абдан маанилүү. Түркия бул багыттагы аракеттерин улантууда. Бул демилгени эки-үч айга чейин улантуу маанилүү. Жалпысынан 2 жылдык мөөнөткө продукцияны дүйнөлүк рынокко жеткирүүгө аракет кылабыз. Түркия 17-июлда бүтө турган Кара деңиз дан келишиминин узартылышына үмүттөнүүдө. Биз дан коридорун эки жылга узартууга аракет кылабыз”.

 

Президент Түркиянын Украинаны колдоону улантканын кошумчалады. Анын айтымында, Түркия Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтыкка жетишүү үчүн аракеттерин улантат.

Эрдоган Украинанын НАТОго кабыл алуу маселесине да токтолду:

 

“Украина, албетте, НАТОго мүчө болууга татыктуу”, – деди түрк президенти.

Бөлүшүү:
Next Post

 Бүгүн Өзбекстанда  шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

Бүгүн, 8-июль Өзбекстанда  жымжырттык күнү. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрүлүүдө.  Шайлоо алдындагы пропагандага жана агитацияга бүгүн  тыюу салынган. Президенттик жарышка төрт талапкер ат салышууда. Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынан (ХДП) – Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан – Робахон Махмудова, УзЛиДеП жана “Миллий тикланиш” партиясынан – Өзбекстан Республикасынын азыркы башчысы Шавкат […]

Сизге жагышы мүмкүн