Эрдоган төңкөрүш тууралуу маалыматтан кийин чукул жыйын өткөрдү

Автор

Түрк улутчул партиясынын лидери Девлет Бахчели төңкөрүш аракети болушу мүмкүн экенин эскерткенден кийин президент Режеп Тайып Эрдоган чалгындоо жана юстиция министрлигинин жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү.
Бир күн мурда Анкаранын Башкы прокуратурасы борбор калаадагы башкармалыктын үч полиция кызматкерине кылмыштуу уюмга тиешеси бар деген шек менен тергөө ишин баштаган. Алардын үйлөрү тинтүүгө алынган. Эрдогандын өнөктөшү Бахчели кутум болушу мүмкүн экенин, бир нече полиция кызматкеринин кызматтан алынышы эч нерсени чечпей турганын айтты. Бахчели өлкөдө кайрадан төңкөрүш аракети болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Ала-Тоо 24» телеканалына маек берип жатып айтты. Министрдин маалыматына караганда, кызматкерлердин негизги көйгөйү маяна маселеси болчу. «Мен кайда барбайын кызматкерлердин эң көйгөйлүү маселеси айлык маяна болчу. Буйруса энергетика кызматкерлери май айынын айлыгын мурдагыга салыштырмалуу 10-15%га жогору алышат. Биз […]

Сизге жагышы мүмкүн