Эрдоган Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнө кайрадан аянтча сунуштады

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Албанияда өткөн Түштүк-Чыгыш Европа-Украина саммитинин катышуучуларына жолдогон видео кайрылуусунда Түркиянын орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн дагы бир жолу аянтча берүүгө даяр экенин билдирди.
Анын айтымында, түрк тарап Украинанын президенти Владимир Зеленский сунуштаган тынчтык планын негизинен колдойт. Бирок, тынчтык демилгелеринин ийгилиги үчүн жаңжалдын эки тараптын тең катышуусу зарыл. «Биз Стамбулда тынчтык орнотуу үчүн мурда түзүлгөн сүйлөшүү үстөлүн калыбына келтирүүгө даярбыз»,-деп баса белгиледи Эрдоган.
Бул максатка жетүү үчүн бардык дипломатиялык каналдарды максималдуу пайдалануу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиш Жоробеков жол коопсуздугу боюнча башкармалыкты жетектейт

Жеңиш Жоробеков Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 29-февралда Азамат Исраилов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчылыгынан кетти. Ал бул кызматта 2019-жылдан […]

Сизге жагышы мүмкүн