Россиянын президенти Владимир Путин 27-апрелде Түркияга келип, Аккую атомдук электр станциясында өзөктүк отун жүктөө аземине катыша турганын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.
Ошол эле маалда Эрдоган россиялык кесиптеши салтанатка онлайн катышышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Буга чейин түрк тарап Путиндин сапарына даярдыгын бүтүрүп, азыр анын келишин күтүп жатканы кабарланган.
Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын февраль айындагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды кыдырып, орус-түрк өнөктөштүгү тууралуу түрдүү тармактарда сүйлөшө турганын билдирген.
Ош шаардык Кеңешинин кезексиз жыйыны өтүп жатат
Бей Мар 30 , 2023
Бүгүн, 30-мартта Ош шаардык Кеңеши кезектеги сессиясын өткөрүп жатат. Анда 2023-2024-жылга карата Ош шаар бийлигинин пландары боюнча суроо-жооп иретинде талкуу жүрүүдө. Мэр Бакытбек Жетигенов баштаган шаар бийлиги депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/2dadb6d3-439d-4ca9-b414-00191f79648e.jpg)