Эрдоган Крымды Украинага кайтаруу зарылдыгын билдирди

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-Крым платформасы лидерлеринин саммитинде сүйлөгөн видеокайрылуусунда Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоорун айтып, Крымды Украинанын курамына кайтарууну жактады.
«Украинанын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин жана көз карандысыздыгын колдообуз өзгөрүүсүз бойдон калууда. Крымды Украинанын курамына кайтаруу эл аралык укуктун талабы. Крымдагы жергиликтүү элдердин бири болгон биздин крым-татар-түрк боордошторубуздун коопсуздугун жана бакубатчылыгын камсыздоо биздин тышкы саясатыбыздын артыкчылыктарын бири»,-деди Түркия лидери. Сөзүнүн аягында Эрдоган Украинадагы жаңжал Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, суверендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына негизделген адилеттүү жана туруктуу тынчтык менен аяктарына үмүт артарын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дастан Бекешев: "Тыгын жолдордо гана эмес мамлекеттик кеңсээлерде да болуп жатат"

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-сентябрдагы жалпы жыйынында кеңселердеги кезектер боюнча маселе айтылды. Депутат Дастан Бекешев “Тыгын бир гана жолдордо эмес мамлекеттик мекемелерде да болуп жатат. Айрыкча, нотариалдык кеңселер менен салык кызматында. Адамдар болбогон бир дүмүрчөк алуу үчүн 3 күн күтүп, ага кошумча 150 сомдой каражат коротуп жатышат”,- деп билдирди. “Ким үйүн […]

Сизге жагышы мүмкүн