Эрдоган Конституцияны жаңыртуу зарылдыгын айтты

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жаңы конституция кабыл алуу зарыл экенин айтты. Азыркы Конституция саясатка болгон ишенимди кетирип, алдыга жылууга жол бербей турганын билдирген.
Эрдоган «Күчтүү Түркия» симпозиумунда өлкөнүн азыркы конституциясы улуттун идеяларын, талаптарын жана көйгөйлөрүн эске албастан түзүлгөнүн кошумчалады.
Түркиянын азыркы конституциясы 1982-жылы жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

29-майда күтүлгөн аба ырайы

29-майда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, […]

Сизге жагышы мүмкүн