Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилге каршы курал эмбаргосун киргизүүнүн аны менен сооданы токтотуунун жана эл аралык деңгээлде изоляциялоонун зарылдыгын айтты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, мамлекет башчысы бул тууралуу Египеттин борбору Каирде өткөн D-8 (“Ислам сегиздиги”) өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында Ливан жана Палестина боюнча атайын сессияда сүйлөп жатып айтты.
Палестина көйгөйүн жөнгө салуу боюнча келечектүү пландарга токтолгон Эрдоган D-8 өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү максаты эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу үчүн сүйлөшүү процессин баштоо болушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, ал Израилдин Сириянын аймактык бүтүндүгүн анын ичинде Голан дөңсөөлөрүндөгү мыйзамсыз конуштарды кеңейтүү аркылуу бузуп жатканын айтты. Президент ислам дүйнөсүн Сириянын жана аймактын туруктуулугуна коркунуч жараткан “мыйзамсыз аракеттерге” карата чечкиндүү реакция кылууга чакырды.
Эрдоган мүмкүн болушунча көп мамлекеттерди, айрыкча D-8 мүчөлөрүн, Түштүк Африка Республикасы Израилге каршы козгогон иш боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотундагы Газа тилкесиндеги геноцид тууралуу ишке кошулууга үндөө зарылдыгын белгиледи.
Түркиянын лидери жакынкы аралыкта Газада туруктуу ок атышууну камсыз кылуу мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи.
Президент D-8 өлкөлөрүн аймакта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн аракеттерди активдештирүүгө чакырды.