Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди калп айтып, өзөктүк куралы бар экенин моюнга алууну каалабай жатканга айыптады.
“Учурда өзөктүк куралдарга ээби? Ооба, бирок Израилден бул тууралуу сурасаң, алар ооба деп жооп беришпейт. Анткени алар калпты абдан жакшы колдонушат»,-деди түрк лидери Берлиндеги маалымат жыйынында.
Ал ошондой эле Израил Газа тилкесин жер менен жексен кылганын айтып, операция учурунда Газа тилкесинде 13 миңден ашуун балдар, аялдар жана карылар набыт болгонун кошумчалады.