Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилге сапарын токтотту.
Эрдоган “Менде Израилге баруу программа бар болчу, аны жокко чыгардым, эч кандай сапар болбойт”,-деди ал.
Түрк парламентинде сүйлөгөн сөзүндө ал Израиль жана бардык өлкөлөр ХАМАСты террордук уюм деп атап, бирок өзү аны боштондукка чыгаруучу топ деп эсептей турганын баса белгиледи.
Эрдоган Газа тилкесиндеги балдардын өлүмү үчүн да Батыш өлкөлөрүн айыптады. Анын пикиринде, “Газа тилкесиндеги кыргындын күнөөкөрлөрү Израилге чексиз жардам көрсөткөндөр. Алар бул аймакка эч качан тынчтык келбесин каалашат”,- деп кошумчалады.
Түрк президенти бардык тараптар ок атышууну токтотууну жарыя кылышы керек. Мындан тышкары Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Рафах өткөрмө пункту ачылышы керек. Ошону менен бирге Түркия палестиналыктардын коопсуздугунун кепили болууга даяр экенин баса белгиледи.