Эрдоган жакынкы сааттарда Сочиге келери кабарланууда

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүү үчүн жакынкы сааттын ичинде Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Сочиге учарын A Haber телеканалы билдирди.
Путин менен Эрдоган бүгүн күндүн ортосунда Сочиде жолугушат.  Бул алардын дээрлик бир жылдык тыныгуудан кийинки биринчи бетме-бет жолугушуусу болмокчу.  Президенттер Кара деңиздеги дан келишиминин айланасындагы кырдаалды жана башка маселелерди талкуулашат.

Бөлүшүү:
Next Post

I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды

Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек Эл аралык кинофестивалы өтөт. Иш-чаранын расмий эн тамгасы тандалды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалыматына караганда  аны жаш дизайнер Нуриза Көчкөнбаева иштеп чыккан. Мындан ары бул логотип I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын расмий логотиби катары бардык иш-чараларда, […]

Сизге жагышы мүмкүн