Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында Нетаньяхуну Гитлерге салыштырды

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча кескин сын айтты. Түрк лидери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну сынга алып, аны Адольф Гитлер менен салыштырды.
«Эл аралык коомчулук Израилдин аракеттеринен палестиналык жарандарды коргоо механизмин иштеп чыгышы керек. 70 жыл мурда Гитлерди адамзат союзу токтоткон сыяктуу эле, Нетаньяху жана анын “өлтүрүү тармактары” адамзат союзу тарабынан токтотулушу керек»,-деди Эрдоган өз сөзүндө.
Март айында президент Режеп Тайип Эрдоган Газа тилкесиндеги кырдаал жөнүндө сөз кылып, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларды геноцид деп атаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жаан жаап, карга айланат

Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 26-27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын […]

Сизге жагышы мүмкүн