Сириянын Алеппо, Идлиб, Хама, Дамаск жана Ракка шаарлары Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы боюнча башка шарттар болгондо Түркиянын аймактарынын борбору болуп калмак. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Iletisim агенттигине билдирди.
«Балким, биз Алеппо, Идлиб, Хама, Дамаск жана Ракка деп атаган шаарлар Антеп, Хатай жана Урфа сыяктуу биздин провинциялар болуп калмак. Бул шаарлар биздин чек аралардан тышкары калгандыктан, ошол жерлерде жашаган эл менен болгон байланышты толугу менен үзбөгөнгө аракет кылсак керек»,-деди ал.
Сириянын Алеппо, Идлиб жана Ракка шаарлары Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан, ал эми Хама жана Дамаск Сириянын ички аймагында. Түркиянын Газиантеп, Шанлыурфа жана Хатай шаарлары Сирия чек арасына жакын жерде орун алган.