Саясатчынын адвокаты Желал Челик Эрдоганга каршы доо жасалма видеону көрсөткөн деген айыптарга байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Тактап айтканда видео жасалма жана монтаждалгандыктан сотко берүү чечими кабыл алынган.
Бул Түркияда тыюу салынган жана террорист деп таанылган Күртстан жумушчу партиясынын лидерлери тарабынан колдоого алынган делген Кылычдароглунун кеңири тараган видеосу.
Дооматтын суммасы бир миллион лира же 50 миң доллардан ашат. Адвокаттын айтымында эгер акча утуп алса, ал кызмат учурунда каза болгон аскерлердин балдарына которулат.