Энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Автор

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Ала-Тоо 24» телеканалына маек берип жатып айтты.
Министрдин маалыматына караганда, кызматкерлердин негизги көйгөйү маяна маселеси болчу.
«Мен кайда барбайын кызматкерлердин эң көйгөйлүү маселеси айлык маяна болчу. Буйруса энергетика кызматкерлери май айынын айлыгын мурдагыга салыштырмалуу 10-15%га жогору алышат. Биз муну менен эле токтобойбуз, айлык акы жылдан-жылга көтөрүлүп турат», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү: Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Чукул билдирүү: Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн Бүгүн, 15-майда Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык,16-18-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өлкө аймагында дарыяларда суунун деңгээли […]

Сизге жагышы мүмкүн