Энергетика министри быйыл кышында өчүрүүлөр болбой тургандыгын айтты

Автор

Быйыл күз-кыш мезгилине электр энергиясына чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 4-октябрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт.
“ Андай болбойт.Чектөөлөргө байланыштуу маалымат каражаттарына маалымат беребиз. Болгону саат 6.00дөн 9.00гө чейин өчүрүүлөр болот десек – бул чектөө гана. Бирок кайсыл жерде, кайсы көчөдө ашыкча жүк болоорун билбейбиз. Трансформаторлорго материалдык жактан башкы инженер жана бөлүштүрүүчү зонанын начальниги жооп берет. Андыктан аларды өрттөп жибербөө үчүн ашыкча жүктөлгөн учурда чектөөлөрдү киргизишет», – дейт Таалайбек Ибраев.
Мындан тышкары былтыркыга салыштырмалуу быйыл даярдык жакшы экендигин жана мурда тирөөчсүз, зымсыз, трансформаторсуз отурсак, быйыл баарыдыгы бар экендигин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

ФСБ: Крокустагы теракттын күнөөкөрлөрү Россиядагы тажик диаспорасынан тартылган

Россия Федерациясынын Коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортниковдун айтымында, «Крокус Сити Холлда» болгон теракттын аткаруучуларын атайын Россиядагы тажик диаспорасынан тартышкан. «Теракттын аткаруучулары «Вилаят Хорасан» мүчөлөрү экени так белгилүү болду. Алар Интернет аркылуу Россиядагы тажик диаспорасы менен максаттуу иш алып барган. Өздөрү Афганистанда болушкан»,-деди Бортников Астанада өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн