Энергетика министринин жаңы орун басары дайындалды

Автор

Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Дайындалган министрдин орун басары Энергетика министрлигинин жалпы жамаатына тааныштырылды.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин энергетика тармагында 15 жыл эмгектенип, кийин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматында Отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай блогун жетектеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Украин аскерлери күрөк менен согуша турганын айтышты

Украин армиясынын куралы түгөнүп калса, жоокерлер күрөк менен салгылашат. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди. «Куралыбыз түгөнүп калса күрөк менен күрөшөбүз. Анткени Украина үчүн улуттун бар болушу коркунучта»,-деген Кулеба Россия менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Анын айтымында, Москва менен диалог үчүн Украина согуш талаасында […]

Сизге жагышы мүмкүн