Эмне үчүн Лукашенко ортомчу болду

Автор

Россия менен Беларуссиянын президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшүүдө “Вагнер” компаниясы менен түзүлгөн кырдаалда Минсктин ортомчулугу тууралуу макулдашты. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул Беларус лидеринин демилгеси. Анткени ал Евгений Пригожинди көптөн бери, 20 жылдан бери билет.
Песков “Вагнер” ПМКсы менен кырдаал жоготууларсыз чечилгенин, Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун катышуусунда топту өз лагерлерине кайтаруу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген. Пригожин өзү Беларуссияга барат, ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын Кубогу болуп өттү. Бул тууралуу  Футзал ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкекте 20-24-июнь күндөрү өтүп, ага 8 команда катышкан. Кубоктун жеңүүчүсү болуп Ош шаарынын командасы табылды. Алар финалда Бишкек шаарынын командасын 3:1 эсеби менен жеңип алышты. Коло байге үчүн болгон беттеште Нарын […]

Сизге жагышы мүмкүн